www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башаламандык. Мыйзамсыз мыйзамдуу түшүнүк өкүм сүрүп жаткан кез. Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет болгон көрүнүштөр арбып баратат. Мындайды кыргыз "кайда барба Мамайдын көрү" дешкен.
Мына Конституцияга Курултай институтун киргизип алышып, эми анын аткара турчу милдети, жоопкерчилиги кандай болот деген маселеге баш катырышып, эки жылдан бери айлалары кетип жатышат.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Курултай боюнча мыйзамды түртмөлөп жүргөн президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге парламентте: "Курултай институту үч бийлик бутагынын кайсынысына кирет? Аткаруу бийлигинеби, Сот бийлигинеби, Мыйзам чыгаруу бийлигинеби", - деп суроо узатты эле, келмеси оозунан түштү. Анан уялбай туруп "эч бир бийликтин бутагына кирбейт" деп уккандын кулагын үркүттү.
Мыйзамга ылайык Курултай ушул үч бутактын бирине сиңишип орун алыш керек эле. Тилекке каршы, сокур ичегидей абалда экен. Демек, сокур ичегини кесип ыргытпаса, ал ириңдеп жарылып бүтүндөй ички аппаратты жараксыз кылат.
Андыктан милдети, жоопкерчилиги жок Курултай институтун түзүп, үч бийлик бутагынын ыйгарым укуктарын талаштырып, күчкө салып алардын үстүнө ээр токуп мингизип койгондо мамлекет гүлдөп кетеби?
Булак: NazarNews.kg