www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн уюштуруусунда, 24-ноябрь күнү “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы курултай болуп өттү. Иш-чаранын максаты, жыйынтыгы тууралуу философия илимдеринин доктору, мударис, Кыргыз эл мугалими Кусейин Исаев менен маек курдук:

- Кечээки курултайга сиз да делегат катары катыштыңыз, мурунку өткөн жыйындардан эмнеси менен айырмаланды?

- Бизде буга чейин көп эле ушундай иш-чаралар уюштурулган. Кечээ күнү болуп өткөн курултай алардан өзүнүн жаңылыгы менен айырмаланды. Себеби, Кыргызстандагы акыркы жылдардагы коомдук-саясый абал талкууга алынып, келечекке жол издөө багытындагы аракеттерди байкадым. К.Кошалиевдин "Улуттук кайра жаралуу жана учур талабы"- деген темадагы баяндамасында өткөнгө таянып, болочокко чабыттар ташталды. Бийлик башчыларына коомдук баа берүү да жаңылык болду.

- Курултай сиздин купулуңузга толдубу? Айтайын деген ойлордун баары айтылдыбы? 

- Негизинен иш-чара тынч, уруш-талаш жок өттү. Максатына жетти, чатак болгон жок. Бирок, элдин мудөөлөрүн көтөргөн көп нерселер айтылбай калды. Коомдун көкөйүн кызытып, ойго салган темалар козголбой калгандыктан, бүйүр кызытчудай талкуу болгон жок. Бул жамандагандык эмес, бардык ишке сын көз караш менен калыс карашыбыз керек. Канткен менен элдин өз тагдырына кайдыгер карабагандыгы жакшы көрүнүш. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости