www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алып баруучу Назира Айтбекова биздин коомдогу аялдарга болгон мамилени төмөнкүдөй жазып чыкты. 

Биздин коомдо аялдарга болгон мамиле :

1. Аялга бирөө тийишсе, намысына шек келтирсе, ала качса, зордуктаса, сөксө, аял өзү күнөөлүү. Биздин эң жакшы көргөн макалыбыз бул учурда "кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт". 

2. Үй бүлө ажырашып кетсе, сөзсүз аял күнөөлүү. Төпөштөп күндө, ийиктей имерип, теридей ийлеп атса дагы эркектики "туура"! Баары бир аял ... кысып, чыдап жашашы керек! Балдары үчүн!

3. Эркек тетири басса, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш! Эркек деген эркек да! Ал тетири басканга, аялынын көзүнө чөп салганга акылуу! Аял деген аял! Кызга 40 үйдөн тыюу!

4. Кыска кийген кыз - шерменде, бузулган неме ал сөзсүз! 
Эркек кийсе, жылаңач жүрсө, мыйзам ченемдүү көрүнүш! Жөн эле ысып кетти да эй! Кызыксыңар!

5. Аял баласын таштап кетсе, "күкүк эне", "боору таш", "адам эмес айбан", болгон толгон каргыш сөздөр ошол аялга арналат! Эркек таштап кетсе, мыйзам ченемдүү көрүнүш! Эркекке жарашат. Таштап кетсе, демек аял күнөөлүү!

6. Кыз абийирин сактабай эрге тийсе, жеткен бузулган кыз! Атасын - энесин ойлобогон акмак! Эркек эмне балээ оору менен оорубасын, эртең менен түштө, кечинде ар башка кыз болсун, ал - эркек! Сөз тийгизгенге акыбыз жок!

7. Көчөдөгү сойку кыздар да өзүлөрү күнөөлүү! Эркектер издеп, тынымсыз барып жатса дагы, эркектерге чаң жугузба! 

8. Машинаны ким жаман айдайт, ким граната көтөргөн маймыл - аял! 

9. Бала начар чыгып калса энеси күнөөлүү. Жатыны жаман же энеси жаман эзели оңолбойт. 

10. Кыз төрөлүп калса маанай бузулмай. Кыз эле төрөй берген үчүн да аял күнөөлүү. Урук сепкен кишинин тиешеси жок!

11. Эркеги ийгиликке жетпей калса дагы аял күнөлүү. Анткени аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы, хан жакшы. 

Кыргызстанда кыз болуш кыйын, кыскасы!

P.s. чычалап, анан дароо асынып алмай жок!

Назира Айтбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости