www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Семёновка–Ак-Суу унаа жолунун 8-12-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор Мамлекеттик Капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, анын алкагында Семёновка-Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы, ошондой эле Григорьевка-Көл–Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланат. Жалпысынан 34 чакырым жолду оңдоо пландалган. Учурда анын 10 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
Жол куруу иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, заманбап технологиялар колдонулууда.
Аталган жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат. Жолдун жаңыланышы туристтер үчүн жеткиликтүүлүктү жакшыртып, аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.