www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик саясат кандай багытта баратканын болжош кыйын болуп баратат. Кийинки учурда арабдарга ыктаган, ошол тараптан колдо күткөн саясат өкүм сүрүүдө. Кыскасы, келечекте Пакистан, Афганистан, Иран, Египет сыяктуу арабдашып кетпесек болду. Бир кезде бул элдер араб эмес эле. Азыр өздөрүн дээрлик араб эсептеп калышты... Эми кезек бизге жеттиби?
Дегенибиз, көк тиреген мөңгүбүз арабдын аты, көчөбүз арабдын аты, 3000 мечит арабдын аты, медереселери арабдын аты, кафе, колбаса халал-малал деп арабдын сөзү, статистика боюнча жаңы төрөлгөн балдардын 60-70% арабдын ысымдары. Ал аз келгенсип чоң эле кишилер өз атын чанып арабча которуп алышууда. Кыздарыбыз кара чүмкөнүп, эркектерибиз катын көйнөккө ыктап, кийимдери арабдыкы. Акчага азгырылып, арабдарга токол болуп төрөп жаткан кыздарыбыз андан көп. Арабдар үчүн жайлата жайлоодо кызмат кылгандар толтура. Даваат айтып, арабдын идеологиясын жайылткандардан баш адашат. Улуттук намыс кайда?.. Эл болуудан калдыкпы?
Мына Баткенде ИГИЛдин кара желеги илиниптир. Тактап айтканда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин аянтынан бүтүрүүчүлөргө арналган тактанын жанынан тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик-террористтик уюмунун (ЭТУ) желеги табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошондой эле тосмонун дубалдарына: "Сени кыйратканды жок кыл", "Сенин камераң сага жардам бербейт", "Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо" деген жазуулар калтырылган.
Мындай ишке баргандар аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү экен. Алардын жашаган жеринен тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана Ислам мамлекетти аталган террористиик уюмга тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылыптыр. Кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген "ИМ" ЭТУнун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.
Бул эмнеден кабар берет?.. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман дегендей,
ушул желекти ээрчип нечендеген кыргыз жигиттер Сирияда набыт болсо, камгак кыздар кайнаса каны кошулбаган террористтерге талпак болуп, ар-намыстан кур жалак калышты эле го... Ушул азбы? Кыргызга ушунун кереги барбы?.. Деги улутту, өлкөнү ойлогон жан барбы?
Булак: NazarNews.kg