www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Менин да ата-бабаларым Нарын өрөөнүндөгү чоң молдолордон болушканын угуп келгем. Бирок, учурда бул динибиздин ашмалтайын чыгарып, "чала молдолор", чындап эле, дин бузушууда! Мындай пикирин Ниязбек Куламбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирип, окумуштуу Дилбар Чокоева менен
анын оппонентинин диалогун жарыялады.
Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди:
Макамбай Борукулов: - Дилбар карындашым, жаңылбачы! Сени илимдин адамы дейт. Маматкул абам (бул киши окумуштуу айымдын ата-тектеринен болсо керек,-ред.) чоң молдо болсо. Ишеним менен Динди айырмалай билчи!
Дилбар Чокоева: - А мен эмнени айтып жатам, Макамбай агай? Ар кандай эле диндин формалдуулугу жөнүндө айтып жатам. Ага өзгөчө эле өзөлөнүп маани берип жатып албаш керектиги жөнүндө айтып жатам. Улуттукту түбөлүккө айлантыш керек деп жатам. Дин өзгөрө бериши мүмкүн. Кыргыз-кыргыз болгону анын аң-сезимин канча диндер аралап өттү. Баары өттү-кетти, кыргызчылык калды. Азыркы молдолор ошону билип, кыргызды кыргыз кылып турган негизге: "Манас" менен каада-салттарга асыла башташты. Тууган жерди ыйык деп түшүнгөн түшүнүгүнө корректировка киргизип жатышат. Байлыгыңды өлүгүңө коротпо, Меккеге сакта - деп, арабдардын бизнесинин саясатын жүргүзүп жатышат. Атамдын убагындагы ислам өзүнүн жолу менен жүрчү. "Кыргыз, салтыңы жыйыштырып, толугу менен шарияттын жолуна өт",- деген чакырык болчу эмес. Түркиянын жогорку диний окуу жайынын докторанты Элмурат Кочкор уулу, советтик мезгилде Бухарадан окуган Мусулманкул ажы өзү сыйлаган Оморов Апсамат айткан ислам такыр башка дагы, азыр биз менен, сиз менен аралашып жүргөн молдолордун айтып жаткан исламы такыр башка. Аны мен ошо окумуштуу болгон үчүн сезип жатам. Азыркы молдолор ушу боюнча ооздукталбай кете берсе, эртеге кыргыз деген бир бүтүн улут жок болоорун бөркүмдөй көрүп турган үчүн айтып жатам. Азыр кыргыз деген улут болобу же жокпу деген суроонун алдына келип калдык. Азыр Кыргызстанда "ханафий маскаб" жок, "радикал ислам" гана бар. Азыр молдолор молдо эмес саясатчы. Болгондо дагы эң агрессивдүү, баскынчы саясатчылар. Жамандагандары кыргызчылык, кыргыздын кыз-келиндери, майрамдар, кыргыздын жер-сууга сыйынган салттары!
Молдо деген унчукпай өзүнүн жумушун кылыш керек да, сайрап көчөгө чыгып албай. Кыргызга "мусулманмын" деген уят болот деген сөзүмө күйүп жатканыңызды билип жатам. Бирок чындыгында да ушундай болуп атпайбы?!
Кыргыз кечээ эле кыргызчылык ишеними менен жашагандыгын эч унутпайт. Ошол ишеним менен жашагандар дайыма болот. Ошондуктан, кыргыздын балдарын ультрамусулман кылып тарбиялоо абдан коркунучтуу, эртең элдин экиге бөлүнүшүнө алып келет. Сиз абдан жакшы айттыңыз, "атаң молдо эле го" деп. Атамдын исламдан өтө бийик сабаты болбогонун мойнума алам, бирок, исламга ниетин берген адам эле. Исламга чын көңүлдөн ишенчү. Ошондуктан, сырттан келген билимдүү молдолор биздин үйдө жүрчү айлап-айлап, тараба жалаң биздин үйдө окулчу. Мен уктабай күтүп отуруп масала укчумун. Азыр эми ошол информациялардын баарын салыштырып көрсөм, ошол масалалар деле негизинен теңирчиликтен алынган сюжеттер экенине анык көзүм жетти. Семиттик диндердин бардыгынын (иудаизм, христианчылык, ислам) башаты теңирчиликте жатаарын түшүндүм. Ошондуктан, азыр Татар Республикасы "Древнекыргызская религия Тенгрианство" деген, окуу китебин, билим берүү министрлигинин грифы менен чыгарып, мектеп окуучуларын ошону менен окутуп жатышат. Биздин балдарга молдолор Теңирчиликти желмогуздай кылып көрсөтүп бүттү. Жогоруда китептин автору жазып жатат: ким өлүгүн боз үйгө жаткырса, арбакка деп мал атап сойсо, маркумду өкүрүп, кошок кошуп көмсө ошол "теңирчилик" деп. Эмне ушу коркунучтуубу? Ушулар бизге жат нерсеби? Бул ата-бабабыздын илгертен тутунуп келген салты болгону. Татарлар муну өздөрү кылбайт азыр, бирок, мектеп жашындагы балдарына үйрөтүп жатат. Ушуну кылыш керек экен, болбосо, ата-бабабыздын арбагы бизге нааразы болот экен деп. Же, сиз экөөбүз өлүктү боз үйгө жаткырбай жатабызбы? Бизге ушу күнгө чейин сакталып калганына кудайга шүгүр кылып, аны мындан ары кайра өөрчүтүшүбүз керек! Мен кудай жок деген жерим жок. Кудай бар. Бирок, азыркы исламдын Кудайга тиешеси абдан аз. Азыркы ислам Мухаммед пайгамбардын гана культун бекемдеп жатат...
Мектеп жашындагы балдарыбызды ушулардын колуна салып берип коюп, биз кенебей басып жүрөбүз. Билесизби, мен мектепке барып жүргөндө Кадунун балдары эмне деди: "биз китеп окубайбыз, тиги дүйнөбүздүн камын көрүшүбүз керек" дешти, 8-класстын балдары. Мен ошого күйүп жүрөм, бул ишти колго албаса болбой калган турбайбы?! - деп. А сиз мусулманчылыкка күйүп жатасыз. Мен кыргыздын эртеңкисине күйүп жатам. Менин окумуштуу катары мындан башка жолум жок! Менин туура айтып жатканымды бүгүн түшүнбөгөндөр - эртең түшүнөт. Бул муун түшүнбөсө келерки муун түшүнөт. Татарларга окшоп баарын жоготуп алып, эртең жер муштап отургандан көрө бүгүн баштаганыбыз жеңилирээк. Ушундай агай, мени балким түшүнбөссүз. Бирок, бул ушундай принципиалдуу иш. Ошондуктан, кечирип коюңуз башкача боло албайм!"
Эми, бир аз ойлонуп көргүлө, эгер, албетте, ушул элементардык эркин дүйнө таанымды кабыл ала алсаңар!
Бизди, кыргыздарды тарыхта эч бир башка эл жолго салып, тарбиялап келген эмес!
Тескерисинче, биздин карт тарыхыбыз бирөөлөр тарабынан бурмаланып, жашырылып, эми дагы, такыр эле жокко чыгаруу аракеттери басыла элек! Анткени, Кыргыз Эли Кудайга эң жакын, тикелей, түп - түз (аян, түш аркылуу) сүйлөшүп келгендигибизди да өз алдынча эле танып таштайлыбы?!
Ойлонгула, ойгонгула, Кыргыз элим!
Булак: NazarNews.kg