www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз фермерлерине сапаттуу вакцина жеткирилет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баштаган делегация Россия Федерациясынын Владимир шаарындагы Россиянын малдарды коргоо илимий-изилдөө институтун (ВНИИЗЖ), Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматынын (Россельхознадзор) ишин өз көзү менен көрдү.

Иш сапардын алкагында вакцина жана ветеринардык препараттарды иштеп чыгуу жана өндүрүүдө колдонулуучу заманбап технологияларды көрүп чыкты. Өзгөчө көңүл малдардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын изилдөө жана көзөмөлдөө боюнча иштерине бурулду.

Жолугушууда тараптар региондогу эпизоотиялык абалдын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны туруктуу кармоо жана алдын алуу чараларын талкуулашты. Өзгөчө шарп (ящур) ылаңын алдын алуу үчүн өлкөгө вакцина жеткирүү маселелери каралды.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана мал азыктарын башкаруу кызматы менен шарп ылаңына каршы 1 миллион доза вакцинаны жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн жана ал жакынкы убакта жеткирилет деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, 2026-жылдын жай мезгилинин соңуна чейин айыл чарба жаныбарларын масштабдуу вакцинациялоо үчүн 3,5 миллион доза кошумча вакцина жеткирүү пландалууда.

Министр Эрлист Акунбеков институттун жогорку илимий потенциалын жана ВНИИЗЖдин биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле эпизоотиялык коркунучтарга каршы күрөшүүдө маанилүү салымын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында институттун адистери менен Кыргыз Республикасынын адистерин биргелешип балык ооруларын изилдөө багытында  кызматташуу келишими түзүлдү. Бул багыт Кыргызстандын аквакультура продукциясын экспорттоону өнүктүрүү үчүн стратегикалык мааниге ээ, анын ичинде Россия Федерациясы жана башка эл аралык рыноктор.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашып, вакцина жеткирүү гана эмес, ВНИИЗЖ базасында кыргыз адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле ветеринария жана биологиялык коопсуздук боюнча тажрыйба алмашууну да камтышы пландалууда.

 

Последние новости