www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулдун аэропортунда кыргыз жаранынын кармалгандыгы тууралуу маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Бул тууралуу тышкы саясий ведомстводон билдиришти.
Белгиленгендей, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн Н.А аттуу мугалим Түркияда кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.
“Бул маселе КР ТИМнин жана Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган кыргыз жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат”, — деп айтылат маалыматта.
ТИМден белгилешкендей, Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө.