www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-мартта Тажикстан менен чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу сүйлөшүү башталды.

Жолугушууга кыргыз тараптан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери менен чектеш райондордун акимдери катышууда. Тажикстан тараптан, Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали, Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жана жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматынын өкүлдөрү өкүлдөрү катышууда.

“Азаттык” радиосуна президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин билдирүүсүндө жолугушууда чек ара аймактарында акыркы күндөрү катталган ок атышуулар, соңку окуялар эмне себептен чыкканы талкууланып, тынчтыкты сактоо чаралары боюнча сүйлөшүү жүрөт.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек арачыларынын 10-март күнү түшкө жуук, 11-мартка караган түнү да чек ара аймагында ок атышуусу катталган. Окуяда Кыргызстан тараптан жабыркагандар жок экени айтылган. 

Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып келет. Бир жыл мурда куралдуу тиреште ондогон адамдардын өмүрү кыйылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости