www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын басып киришинен улам Украинанын ысык жаңжал чекиттеринен эң алыс жайгашкан батыштагы Львов шаары да согуштун суук жүзүн сезе баштады. Львовдун тарыхый аянттарында кум каптар жана баррикадалар тургузулду.
Саат 22:00-06:00 аралыгында коменданттык саат жарыяланган Львовдо базардын текчелери бошой баштады. Базар жетекчилеринин айтымында, аларды эң чоң түйшөлткөн нерсе, эгерде басып алуу күндөрү узакка созулса, негизги азык-түлүктүн азайышы.
Акыркы калган тамак фронтко жөнөтүлүп: Украинада согуштан улам спирт ичимдиктери сатылбайт. Львовдогу вокзалда жана автовокзалдарда түзүлгөн гуманитардык жардам пункттарында акыркы азык-түлүк жана башка гуманитардык жардам материалдары мобилизациялык түрдө өлкөнүн ички аймактарына жөнөтүлүүдө.
Львов шаарынын мэри Андрей Садовый да элди гуманитардык жардам материалдарын чогултууга, ташууга жана Львовдогу айрым пункттарга жеткирүүгө чакырды.
Станциялардан бензин табуу кыйын: Ошондой эле, азыр шаарда унаа айдоо абдан кыйынчылык жаратууда. Анткени Львовдогу көптөгөн май куюучу жайларда күйүүчү май түгөнүп, айрым май куюучу жайларда бир унаага 5 литрден бензин берилип жатат.
Бензиндин баасы брент мунайына болгон баанын көтөрүлүшүнөн тышкары, сутка ичинде өзгөрүшү мүмкүн. Автоунаасынын цистернасын алдын ала толтура алган жарандар өздөрүн бактылуумун деп эсептешет.
Соода борборлорунда көп дүкөндөр жабылды: Шаардын тургундары тынымсыз келип турган соода борборлорунда бренддер өздөрүнүн дүкөндөрүн, көбүнчө чет элдик дүкөндөрдү ачпайт.
Бир гана кийим-кече эмес, аксессуар, тамак-аш жана суусундук сыяктуу секторлордо да дүйнөгө таанымал бренддер согуштан улам дүкөндөрүн ачпайт.
Шаарга киргенде жана киргенден кийин ар бир жерде баррикарлар бар: Польшадан Украинага өткөндөн кийин жол узарбаса, Львов орто эсеп менен 75-80 км. Бул 80 чакырым жолдун ар бир кире беришинде бирден же экиден милиция жана аскер посттору бар. Львовдун тарыхый фонтандары жана эстеликтери кум каптар жана баррикадалар менен курчалган.
Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.
БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.
Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.
Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.
Ал эми жакынкы күндөрдө Instagram каналынын ишин чектөө талабы коюлду. Буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.
Булак: NazarNews.kg