www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба министри Аскарбек Жаныбековдун суу чарбасына жооп берген Нурлан Шерипов деген мугалим орун басары бар. Арпа менен буудайдын айырмасын билбеген бул эргулду министр Жогорку Кеңешке дыйкандар менен жолугушууга жөнөтүптүр. Нурлан Шерипов өзүн «бүт Кыргызстан тааныйт» деп ойлойбу, балдарга сабак өткөнсүп, маңыз сөздү баштады эле, дыйкандар «дежур сөздөрүңдү токтот, андай жоопту угуп эле жүрөбүз.

Сен өзүңдү тааныштырбайсыңбы, «кимсин?» деп жарга такашканда, айыл чарбасынын «а» тамгасын билбеген, кесиби юрист Нурлан Шериповдун келмеси оозунан түшүп, оозун ачып отуруп калды. Мен «мугалиммин» десе, балким, дыйкандар ошол жерден чоң чатакты баштамак, жер, суудан түшүнүгү жок бирөө аларды башкарып жатса, көйгөйлөрү чечилбесе, мына кызык!

Нурлан Шерипов ашыкча сүйлөбөй, эси барда этегин жаап отуруп калганы абийир болду. Дыйкандар «бу кунарсыз жайыт» деген категорияны кайдан алдыңар?» деп суроо беришсе, министрликтин өкүлдөрү жөндөп жооп бере алышпай, кыжырланган дыйкандар «же компетенттүү жооп бере албаган, же берген сунуштарды кабыл албаган мындай министрликти жоюш керек» деген демилге менен чыгышты.

Өзү уялып кетип калбаган, «карьера эле керек деп креслого жармашып отурган Нурлан Шерипов дыйкандардан тил угуп, бозала болбой, орунду иш билген кишиге бошотуп бербейби?.. Дыйкандарды дүрбөлөңгө салган өкмөт токтомдорун демилгелеген министр Аскарбек Жаныбеков кызыл тилин сайратып, теледе орусча-кыргызча маектерди куруп, элдин кулагын ушалагандан колу бошобой жатат окшойт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости