www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин каалоочуларды согушка чакырат

АКШнын сенаты 13,6 млрд. $ Украинага жардам бермей болду. АКШнын жарым жылдык  федералдык бюджети  1,5 триллион $. 13,6 млрд доллардын  6,5 млрд $ ын Пентагон согуштук максатта колдонот. Калганы Украинаны күчтөө үчүн колдонулат. Ушундан соң Орусиянын президенти Владимир Путин ыктыярдууларды согушка алууга уруксат берди. Себеби Украинаны колдоп ар кандай жалданмалар, түрмөдөн бошотулгандар чыга баштады. . Буга чейин Чечен президенти Рамзан Кадыров миңдеген чечендер Украинага барууга даяр бирок уруксат жок деп жаткан. Бул согуш НАТО менен Орусия ортосундагы согушка айланып кетпеши керек. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг CNN телеканалына берген маегинде айтты. «НАТО Орусияга катуу реакция кылды. Он миңдеген украин аскерлерин машыктырдык», - деди ал.

Украинада жайгашкан АКШнын биологиялык лабораториялары ал жерде жашыруун болгон. Лавров Орусия АКШнын Украинадагы биологиялык ишмердүүлүгүн кантип түшүндүрүп болоруна жооп талап кылат деди. “Пентагон биологиялык жана токсиндик куралдарга тыюу салуу боюнча тиешелүү конвенцияны бузуу менен бүткүл дүйнө боюнча аскердик биологиялык лабораторияларды түзүү программасынын алкагында Украинанын аймагында бир нече ондогон аскердик биологиялык лабораторияларды түзгөнү тууралуу ачыкталган маалыматтар бизди абдан тынчсыздандырууда. Муну кантип түшүндүрсө болот деп расмий суроо жөнөттү, биз жооп талап кылабыз”, - деди министр.

Ошол эле учурда Лавров украиналык лабораторияларда эксперименттер тынч мүнөздө болбогонун,  ал “этникалык багыттагы” биологиялык курал жасоого багытталганын белгиледи. “Менде алардын бул курал-жарактарын колдонгону тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок ал таптакыр тынч мүнөздөгү эксперименттер эместиги, этникалык багыттагы биологиялык куралды жасоо эксперименти экенинен шек жок”, - деди Лавров.

Украинанын аймагындагы Вашингтондун биологиялык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды төгүндөөсү таң калыштуу эмес, бардыгы терең жашыруун ишке ашырылган деди ал. Министр белгилегендей, АКШ постсоветтик мейкиндиктин башка мамлекеттеринде да дал ушундай жол менен иштеп, Орусия Федерациясынын жана Кытайдын периметри боюнча өзүнүн аскердик биологиялык лабораторияларын түзүүдө.

“Мындан кутулуу мүмкүн эмес, биологиялык жана токсиндик куралдарга тыюу салуу боюнча конвенция бар, ал мамлекеттерден өз аймагында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде жүргүзгөн ар кандай иш-аракеттери жөнүндө отчет беришин талап кылат", - деди Лавров.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Киев режиминин өзүнүн аймагындагы аскердик-биологиялык программалардын изин тез арада тазалаган фактылар табылганын билдирген. Украинанын биологиялык лабораторияларынын кызматкерлеринен 24-февралда өтө коркунучтуу патогендер - чума, күйдүргү, туляремия, холера жана башка өлүмгө алып келе турган оорулардын шашылыш жок кылынгандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Кийинчерээк АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар экенин ырастаган.

Ядролук  согуш чыгып кетиши мүмкүндүгүн Лавров четке какты. «Мен ишенгим келбейт жана ишенбейм», - деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзөктүк согуш чыгып кетиши мүмкүнбү деген суроого. Бул тууралуу ал Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди. «Украинада акыркы жылдарда болуп жаткан жана акыркы айларда жана жумаларда курчуп кеткен окуялардын контекстинде өзөктүк тема бул дискурска Батыш өкүлдөрү, биринчи кезекте НАТО тарабынан гана айтылып жатканына көңүлүңүздү бурам», -деди ал. Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. Ал эми БУУнун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам чыгып кетти.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы кырдаалды дүйнөнүн саясий картасында болуу укугу үчүн күрөш деп атады. "Батыштын биздин иш-аракеттерибизге ушунчалык ачууланган реакциясын көрүп жатабыз, мен айтар элем, орой сөз үчүн кечирип коюңуз, бул чындап эле жашоо үчүн эмес, өлүм үчүн, адамдын укугу үчүн күрөш жүрүп жатканын көрсөтүп турат. Орусия мыйзамдуу кызыкчылыктарын толук урматтоо менен дүйнөнүн саясий картасында болуу укугуна ээ болуу үчүн күрөшүүдө», - деди Лавров.

Орусия Украинада аскердик операция баштагандан бери орусиялык куралдуу күчтөр Украинадагы дээрлик 3000 аскерий объектилерди жок кылган.  "Украинанын аскердик инфраструктуралык объектилерине сокку уруунун натыйжасында 2998 аскерий объекти жок кылынды", - деди Конашенков. Генералдын айтымында, бир сутка ичинде Орусиянын оперативдүү-тактикалык авиациясы тарабынан 68 объект, анын ичинде Украинанын куралдуу күчтөрүн башкаруу системасынын эки объектиси, 12 логистикалык объекти жана үч «Оса» зениттик-ракеталык комплекси жок кылынган.

Ошондой эле, Орусия тарап абадан коргонуу системаларынын жардамы менен бир МиГ-29, үч Байрактар ​​ТБ-2 учкучсуз учуучу аппаратты жана бир Точка-У тактикалык ракетасын абада жок кылганын кошумчалады. Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Орусиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Алар Украинадагы абалды талкуулаган. Песков журналисттерге: "Биз Украина темасын талкуулоону уланттык", - деп билдирген. Учурда сүйлөшүүлөр алгылыктуу жыйынтык бербей, дүйнө лидерлери ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости