www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун, 12-декабрда кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча мамлекеттик долбоорго расмий старт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Кыргыз тилинин улуттук корпусу - бул тилдик материалдарды иреттөө, сактоо жана санариптик мейкиндикке чыгаруу аркылуу мамлекеттик тилди изилдөөгө, үйрөтүүгө жана заманбап санарип технологияларда, анын ичинде жасалма интеллект системаларында кеңири пайдаланууга мүмкүндүк түзүүчү улуттук масштабдагы ресурс.

Долбоор мамлекеттик тилдин өнүгүүсүн колдоого, билим берүү жана илим тармагында, ошондой эле санариптик чечимдерде кыргыз тилинин активдүү колдонулушун камсыздоого багытталган.

Иш-чара КР Президентинин колдоосу менен уюштурулуп, ага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Улуттук илимдер академиясынын академиктери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана тил таануучулар катышты.

Долбоордун расмий башталышы символикалык азем менен коштолуп, аны КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, жана КР УИАнын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев биргелешип ачып беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун презентациясы көрсөтүлүп, аны Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов жасады.

Ал катышуучуларга корпус түзүүнүн максаттары, милдеттери жана учурдагы даярдык деңгээли тууралуу кеңири маалымат берип, корпус системасынын мүмкүнчүлүктөрүн жандуу техникалык демонстрацияда көрсөттү.

Бүгүн башталышы белгиленген бул демилге өлкөнүн тил саясатын жаңы деңгээлге чыгарып, мамлекеттик тилдин ролун билим берүүдө, илимде жана санариптик технологияларда бекемдөөгө багытталган маанилүү мамлекеттик долбоор катары белгиленди.

 

Последние новости