www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин биринчи күнү аяктады.

Мелдештин жыйынтыгында "Президенттин командасы" "Аймактар", "Фемида" командаларын утуп, "Элчилер" командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты.

Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Турнир эртең, 14-декабрда уланат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын кызматкерлери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери кирген команданын курамында ойноп жатат.

Жалпысынан турнирде 16 команда сынашууда.

Последние новости