www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эли үчүн керт башын ойлобой иштеген, жер үчүн жан дүйнөсүн берген маркум Султан Ибраимовду NazarNews маалымат агенттиги эл эсине салууну туура көрдү. Эзелтен кыргыз эли «кыргызым» деген кыйын уулдарын унутпай, ар дайым кадырлап келген калк эмеспи.
Бүгүн сиздерге Токторбай Урмамбетовдун калемине таандык 1992-жылы жарыкка чыккан “Султан Ибрагимовду ким өлтүргөн?” – деген аталыштагы китептен үзүндү жарыялайбыз.
1980-жылдын 4-декабры кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу, оор күндөрдүн бири экени белгилүү. Дал ушул күнү кыргыз элинин уулу, кыйын кезеңде элдин жүгүн аркалаган, анын ысык-суугуна чыдаган, белгилүү уюштуруучу, ишмер жана таланттуу жетекчи Султан Ибраимов киши колдуу болуп, жарык дүйнө менен кош айтышты. Бүткүл Ала-Тоону кайгы каптап, ак калпак кыргызым орду толгус жоготуунун айласын таба албай, жаш-кары дебей көз жашын көлдөтүп, «тагдыр ушундай экен» деп акыркы сапарга узатып койгонбуз.
Бирок ар кимибиздин жүрөгүбүздө дүпүйгөн күмөн саноо, шектенүү кала берди. Кырсык болгондон тартып бүгүнкү күнгө чейин эл арасында уламыштан уламыш, божомолдон божомол айтылып келет. Айрымдар «күнөөлүү» деп эсептелгендердин аты-жөнүн ачык эле атап жүрсө, кээ бирөөлөр туюк сүйлөп, айлана-тегерегине кылчая карап, анан кулакка угулгус кептерди шыбырашат. Койчу, деги кимисине ишенериңди да билбейсиң. Жашырганда эмне, ал кезде заман башка эле. Ошол мезгилдин өзгөчөлүгүнө жараша жабылуу эшик жабылуу бойдон калганы элдин күмөнүн, шектенүүсүн ого бетер күчөтүп жибергендей болду.
Арадан он эки жыл өтсө да, бул маселе али тынчый элек. Айрыкча демократиянын келиши менен тигил «жети катмар капкактын» ары жагына катылган сырды ачып көрүүгө, аны эл-журтка тааныштырууга ынтызар болгондор көбөйдү. Анын ичинде мен да бар элем.
«Кайра куруу, жаңылануу» деген агым пайда болгон күндөн тартып, башкача айтканда, 1987–1992-жылдардын аралыгында маркум Султан Ибраимовдун өмүрүн, басып өткөн жолун чагылдырган бир нече повесть, аңгеме-очерктер жарык көрүп, эл арасын дагы бир жолу дүрбөтүп койду. Эми алар каргашалуу кырсык жөнүндөгү материалды гана күтүп тургандай болушту.
Султан Ибраимовдун өлүмүнө байланышкан материалдар менен таанышууга мындан туура үч жыл мурун КГБнын председателине кайрылгам. Жооп болгон жок. Элибизде «пара бербе, бара бер» деген кеп бар эмеспи. Ошол сөздүн сыңарындай, кайра-кайра арыз жазып, керек болсо эки күндө бир кызматкерлердин тынчын ала барып жүрүп, тажаттым окшойт. Акыры мени ал жерден жылуу-жумшак «кубалап» чыккандай болушту. Андан кийин, 1991-жылдын август айынан соң жетекчилер алмашып, деги эле өлкөбүздө жаңыча көз караштагы нук пайда болуп, акыры үстүбүздөгү жылы Республиканын прокурорунун макулдугу менен КГБнын жаңы председатели «катылып жаткан» делолор менен толук таанышып чыгууга уруксат берди.
Жылуу маанайдагы мамилеси үчүн Республиканын прокуроруна да, КГБнын председателине да чоң рахмат. Ар биринин калыңдыгы кер карыш болгон 36 том менен шашпай таанышууга шарт түзүп берген КГБнын тергөө бөлүмүнүн начальнигине жана анын орун басарына да ыраазычылыгымды билдирүүнү ылайык көрдүм.
Делолор менен таанышып чыккандан кийин Султан Ибраимовдун жубайы, кадырман эжебиз Рева Касымовна Телтаевага атайылап жолуккан жокмун. Анын эки себеби бар эле. Биринчиси — буга чейин маркум агайыбыз тууралуу басма бетине материал чыга калса эле айрым адамдар: «Муну Султандын аялы уюштуруп жатат», — деп айтыша турган. Мына ушундай негизсиз сөздөрдүн чыгышын каалабагандыктан, анын үстүнө эженин дарегине сөз тийгизбөө максатын көздөдүм. Экинчиси — эженин каргашалуу кырсыкка байланыштуу айта турган сөзү, пикири делолордо эле камтылган. Мен жолукканда деле ошолорду кайталамак.
Бул документалдуу повестти жазууда мен тергөө ишине байланышпаган бир да фактыны пайдаланган жокмун. Бардыгы документалдуу. Баса, кымбаттуу окурманым, «36 томдон жазганы ушу элеби?» — деп ойлоп жаткандырсыз. Максат — маркум Султан Ибраимовдун 3–4-декабрдагы өлүмү, каргашалуу окуя тууралуу баяндап берүү болгондуктан, сөз арасына «суу» кошпой, кептин ток этерин гана келтирдим. Айрым токтомдор, күбөлөрдүн суракта берген жооптору, пайдаланылган тигил же бул фактылар делолордо кандай болсо, дал ошондой алынды. Кээ бирлери орус тилинде берилди. Бул окуяны мүмкүн болушунча так, өзгөртүүсүз кабыл алууга шарт түзөт деген ойдомун.
Кымбаттуу окурманым, сизден алдын ала сурай турган кечиримим — «шектүү» деген фактылардын тегерегинде логикалык ой жүгүртүү жүргүзүлдү. Бул — менин жеке пикирим. Аны тергөө ишине катышкан адистердин же бүгүнкү күндөгү эркин юристтердин көз карашы катары кабыл албаңыз.
Эмесе, аңгемебизди баштайлы. Сиз кулак төшөңүз, деген автордун оюнун кийин Султан Ибрагимовдун кара кырсык каптаган күндү окурмандарга сунуштайлы.
Кырсык кандайча болгон?
Баяныбыздын башында Юрий Вольф кино көрүп келгенден кийин биринчи кабаттагы эс алуу бөлмөсүнө кирип кеткенин айтканбыз. Чындыгында ошондой болгон. Бирок анын качан уктап калганын, ага чейин эмне кылганын так айтуу мүмкүн эмес. Тергөөнүн материалдарына караганда, бөлмөнүн үч көздүү терезесинин бир жагын ачып коюп (ал көздүн бийиктиги киши бойундай, туурасы 70–75 сантиметрдей), Юрий Жуковдун «Один миг из тысячи» деген китебин окуп жатып, электр жарыгын өчүрбөстөн уктап калган.
Кандай болгон күндө да кылмышкер түнкү саат экилер чамасында ачык турган терезеден кирген. Вольфттун качан ойгонгонун так айтуу кыйын. Балким, кылмышкер терезеден кирип келе жатканда ойгонгондур, же үйдүн ичине киргенден кийин, же болбосо мылтыктын кундагы менен түртүп ойготкон болушу мүмкүн. Бул жерде ар кандай божомолдор айтылышы ыктымал. Алардын арасында «Вольф уктабастан, китеп окуп отургансып аны күтүп жаткан болушу мүмкүн» деген ой да бар.
Бирок бул суроолорго так жооп бере ала турган эки адам тең каза болуп калгандыктан, тергөөчүлөрдүн колунда фактылар гана калган. Ошол фактыларга таянсак, экөө эки саатка жакын өз ара сүйлөшүп отурушкан. Мындай жыйынтыкка бөлмөдөн табылган беш-алты тамекинин калдыктары негиз берет. Кылмышкер бөлмөнүн эшик жагындагы дубалга жакын коюлган орундукта, Вольф болсо терезенин түбүндөгү орундукта отурган. Тамекинин күлүн экөө ар башкача өчүрүшкөн: кылмышкер кээ бирин телефон коюлган столдун үстүнө, кээ бирин полго түшүрүп, креслого мыжып өчүрсө, Вольф атайын кагазга түшүрүп, кылдат өчүрүп турган.
Акыркы тамекисин ачык турган терезеден сыртка ыргытуу үчүн ордунан турганда (эскерме: дал ушул кыймыл-аракетти эсиңизге түйүп коюңуз, окурманым, окуянын жүрүшүндө муну дагы бир жолу эске алабыз), кылмышкер аны так каракуштан аткан. Вольф кыйкырып жиберүүгө үлгүрбөй, тилин тиштеген бойдон терезенин түбүнө узатасынан кулаган.
Сиздерге түшүнүктүүрөөк болсун үчүн ошол бөлмөнүн схемасын келтирейин. Айта кетейин, бул тергөө ишине тиркелген схеманын так көчүрмөсү эмес, мен аны эсимде калган боюнча чийдим.
(Схема №1, №2)

Юрий Вольфту жайлагандан кийин кылмышкер Султан Ибраимович жаткан бөлмөгө кирип, электр жарыгын күйгүзөт (балким жарык мурунтан эле күйүп тургандыр, анткени ал киши китеп окуп жатып уктап кеткен болушу мүмкүн). Андан соң керебетти айланып отуруп (эксперттердин аныктамасына караганда, дал ошол чекит ыңгайлуу болгон), сол чыкыйга аткан.
Бул иштен соң кылмышкер эшикти сыртынан жаап, коридордогу креслого отуруп, «Чалкан» журналын барактап турган учурда Рева Касымовна эшиктен баш багат. Окуянын андан аркы өнүгүшү сиздерге маалым.
4-декабрь. №10 конок үйү. Саат 04.00
Кийинки жылдары Рева Касымовнанын тынчы жок эле. Басса-турса жүрөгү дүпүйүп, кандайдыр бир коркунучту алдын ала сезгенсип, өзүнчө санааркай берчү. Айрыкча телефондон «белгисиз» адамдардын тынымсыз коркутуулары, андан тышкары 1980-жылдагы маркум Султан Ибраимовичтин иштен эрте кетип, кеч келиши, мүнөзүнүн мурдагыдай болбой суз тартып баратышы анын шектенүүсүн ого бетер күчөткөнсүдү. Күйөөсүнөн суроого батынган жок. Анткени ал баары бир айтмак эмес.
Кайра туруп өзүн-өзү сооротуп койчу:
— Бала болуп башына жүн чыккандан бери бир да кишиге жамандык кылган жок. Жетимчиликтин запкысын башынан өткөргөн Султан жокчулукту, кайгы-капаны, кыйынчылыкты жакшы билчү да. Кыйналып-кысталып турган адамды көрсө, аны менен кошо кыйналып, жарты нанды тең бөлүшүп жей турган. Кудай алдында да, адамгерчиликтин алдында да абийри таза. Өзү айткандай, биздин душманыбыз жок. Элчилеп үйдөн үйдү кыдырып жүргөнүбүз жок, атасынан калган төрт дубал там эскирип, урап калчудай айылда. Бала-чака, кыз-күйөө, урук-туугандарды көчүрүп, иштен ишке, кызматтан кызматка которуп жүргөнүбүз жок. Ар ким өз арабасын өзү тартып келет. Оокатыбыз да, эмерегибиз да эл катары, орто интеллигенттин деңгээлинде. Анан эмнеге чочулайбыз?..
Деген менен жашыруун коркунуч сезими улам-улам баш көтөрчү. Андайда жүрөгү «солк» этип кетер эле. Ошондон уламбы же бала кезинен алган тарбиясынанбы, айтор, акыркы кездери барган сайын сергек тартып баратты. Бул сапар да ойгонуп кетти.
Кандайдыр бир оор нерсе полго кулап түшкөндөй болду. Дароо башын көтөрдү. Бир аз кыя ачылган эшиктен коридордун жарыгы көрүнүп турду.
«Капырай, Султан эшикти жаап кетпеди беле, же мага ошондой туюлдубу?» — деп ойлонуп, ордунан тура баштады. Ошол учурда кимдир бирөөнүн ары-бери басканы угулду. Бирок дароо эле басылып калды.
— Султан, ээ Султан, эмне эле уктабай басып жүрөсүң? — деди Рева Касымовна.
«Оорусу кармап, өзүн алаксытыш үчүн ары-бери басып жүргөндүр го», — деп да ойлоду. Жамандыкты түштөнүп да, сезип да койгон жок.
Халатын чала-була кийип, эшикти ачканда коридордун ортосундагы жумшак креслодо отурган бейтааныш адам көзүнө урундү. Ал дал ошол калыбын бузбай:
— Сизди бир минуткага болобу? — деди.
Бейтааныш адамга эмне деп жооп берерин билбей дендароо боло түшкөндө тигил дагы эле тикирейип:
— Биз жөнөй берсек болобу? — деп суроо салды.
— Сиз өзүңүз кимсиз деги?
— Юра менен мергенчиликке чыгалы дедик эле.
Ошондо гана тигил адамдын тизесинин үстүндө жаткан мылтык көзүнө даана көрүндү. Мылтыкты көрөрү менен ого бетер коркуп кетти. Анын үстүнө чоочун адамдын келбети да башкача эле: сакал-муруту өсүп, өңү азыңкы, көзү күйүп тургандай. Нары өткүр, нары суз көзү менен мылтыкка улам-улам карай берген Рева Касымовна бир аздан соң эсин жыйнагандай болду.
— Эмне үчүн мынчалык эрте чыгасыңар?
— Планыбыз өзгөрүп кетти.
— Аны кожоюндан сураш керек.
— Кожоюн кайда жатат, бул жактабы? — деп чоочун адам башы менен тигил тарапты жаңсап, анан колундагы «Чалкан» журналын бир азга кармалап турду да, столго кайдыгер ыргытып койду.
Бул иштердин баарын отурган калыбын бузбай, Рева Касымовнаны тиктеген бойдон жасады. Анан ордунан туруп, дагы эле көзүн албай тиктеп турду да, акырын бурулуп, алгач Султан Ибраимович жаткан тарапка көз жиберди. Ошол жакка «барсамбы, барбасамбы» дегендей бир аз ирмеңдеп турду. Анын оюна эмне келип, эмне кетип жатканын ким билсин, Рева Касымовнага ошондой туюлду. Анан шарт артына бурулуп, бир эсе аялды, бир эсе эшиги ачылган бөлмөнү тиктеп туруп, тепкич менен ылдыйкы кабатка шашыла түшүп кетти.
Эскерме. «Темирди кызуусунда» деген кеп бар. Анын сыңарындай, түшүнүктүү болсун үчүн ушул жерде бир жагдайды кыстара кетейин. Тигил «мергенчи» «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» коюп туруп, жумшак креслодо бекеринен отурган эмес. Ал Рева Касымовна менен небереси Айбекти күтүп отурган. Адатта, алар уктап жатканда деле кирип бармак. Антпеди. Өз ойлору менен алек болду көрүнөт. Бир жагынан тирүү күбө калтыргысы келбесе, экинчи жагынан, мыкаачы, канкор болсо да адам баласы эмеспи, бейкүнөө аял менен жаш наристени өлүмгө кыйбай жатты го деген ой келет. Анын чыныгы сырын ошол кылмышкерден башка эч ким билбейт дешсе да, делолор менен таанышып отуруп мен дал ушундай жыйынтыкка келдим. Акыры «эне менен жаш бала ыйык» деген сезимге алдырдыбы, айтор, тигилерге кол тийгизбестен, алар үчүн деген окту мылтыкка салган бойдон чыгып кеткен.
«Уурунун куйругу кууш» деген кеп бар. Демек, ал кандай кылмыш кылбасын, аны тез бүтүрүп, эл көзүнө көрүнбөй качууга аракет кылат. Бул сапар болсо биз сөз кылып жаткан «мергенчибиз» логикага каршы иш кылды. Кеминде эки сааттай кылмыш жасалган жерде болду. Эгер кимдир бирөөнү өлтүрүү максаты болсо, эмне үчүн аны дароо эле атып, ошол замат качып кеткен жок? Рева Касымовна менен Айбекти эмне үчүн тирүү калтырды жана эмнеге эже менен узак тиктешип турду? Чолпон-Атада бирөөнү өлтүрүп, шаарга тополоң салгандан кийин, андан эки кадам ары жакта коркпостон жүрө бергени эмнеси? Бул — кармалам деп коркпогондукпу же анын артында дагы бир коргоочусу бар беле? Бул, кымбаттуу окурманым, сиз үчүн маалымат, жыйынтык чыгаруу же чыгарбоо өзүңүздүн ишиңиз.
«Мергенчи» төмөнкү кабатка кандай түшкөнүн, анан кайсы бөлмөгө киргенин байкаган жок Рева Касымовна. Ал күйөөсү жөнүндө ойлоду. Экинчи кабатта, өзү жаткан бөлмөдөн бир аз арыраак жайгашкан эс алуучу жайга баш бакты. Адегенде эшикти ачканда баары өз жайында тургандай болду. Султан Ибраимович ысыганданбы же адатынанбы, эки бутун ачык коюп, жуурканды бир учун курсагы менен тизесине чейин жаап койгон. Төшү ачык. Башы сол тарапка кыйшайган. Бейкапар уктап жаткансыйт.
Рева Касымовна күйөөсүнө жакындап, ойготмокчу болуп жатканда, анын сол чыкыйына көзү урунуп, жамандыкты көргөндөй эле болду. Жер астын-үстүн болуп кеткендей туюлду. Эже зорго:
— Султан, ээ Султан! — деп кыйкырып, төшүнөн түрттү. Мурдунан, оозунан аккан кан сол чыкыйынан агып түшкөн канга аралашып, жаздыкты кызыл-ала кылып жатты.
Ошол замат жанагы «мергенчи» эсине түшүп, шашкалактаган бойдон бөлмөнүн бурчундагы столдо турган телефонду колуна алды. «ВЧ» жооп бербей жатты. Рычагды кайра-кайра басты. Ангыча Султан Ибраимович онтогондой болду. Ким билет, эмне кыларын билбей, жүрөгү куурулуп турган эже үчүн күйөөсүнүн өлүм алдындагы абалы ошондой сезилгендир, же чындап эле раматылык киши акыркы демин алып жаткандыр.
Телефон жооп бербеген соң, аны таштап, «врачты издөөм керек» деген ой менен бөлмөдөн атып чыкты. Төмөнкү кабатка түшүп бара жатып, небереси Айбекти эстеп, кайра көтөрүлдү. Аны дароо ойготуп, чала уйкуда ыйлап кетпесин деп:
— Кулунум, атаң ооруп жатат, доктур чакырып келели, — деп шашылыш кийгизди.
Андан соң халатынын үстүнөн пальтосун жамынып, кайра ылдыйкы кабатка түштү. Сыртка чыгар алдында:
— Юраны ойготуп коёюнчу, жардам берсин, — деген ой менен ал жаткан бөлмөнүн эшигин ачканда, көз ачып-жумганча эле кайра жапты. Терезенин түбүндө канга боёлуп жаткан Вольфтун денесин көрдү. Тулку бою ого бетер калтырап кетти.
Ошол учурда телефон шыңгырады. Үстүңкү кабатка учуп жетип, «алло» деп жаткан аялдын үнүн уккан замат:
— Султан Ибраимович өлүм алдында жатат, жардам бергиле! — деп айта салды да кайра төмөнкү кабатка түштү. Сыртка чыгып, уулун жетелеп алды.
Поликлиникага барса, эшиги бек. Каалгада кара кулпу. Көз алдына өлүм алдында жаткан Султан Ибраимович тартылып, жардамга келген дарыгер жок болгон соң, эмне кыларын билбей, айлана-чөйрө төңкөрүлүп кеткендей туюлду эжеге.
Чала-булга кийингенден улам үшүдүбү же апасынын абалынан чочудубу, Айбек ыйлай баштады. Эже аны уккан да жок. Небересин жетелеп алып, эми конок үйлөрдү кыдыра баштады. Ар бир эшикти каккылап:
— Врач керек! — деп кыйкырып жүрдү.
Акыры бирөө эшигин ачты. Андан сымбаттуу, токтоо адам көрүндү.
— Айланайындар, жардам бергиле, күйөөм өлүм алдында жатат, — деген аялга тигил киши уйкусун бузганы үчүнбү же мүнөзү ошондойбу, айтор:
— Бизде врач жок, нары жактан издеп көргүлө, — деп эшикти жаап салды.
Алгач жолуккан адамдын жообу күйөөсүн өлүмдөн арачалап калам деп келе жаткан эже үчүн балта менен башка чапкандай эле болду. Делолор менен таанышып отуруп дал ушул жерге келгенде, мени да бирөө төбөмдөн муштагансып, дүйнөгө боорукерлиги, кең пейилдиги, ак көңүлдүгү менен таанылган кыргызымдын мындай учурда эшик жаап коюшу акылыма сыйбай калды. Эмесе, дал ошол адамга сөз берели. Милициянын генерал-майору Шабыров Жапардын тергөөдө берген жообунан:
Шабыров:
— 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү кимдир бирөө эшикти каккылаганынан ойгонуп кеттим. Карасам беш жашар баланы ээрчиткен аял туруптур.
Ал:
— Врач керек. Чернов кайда жашайт? — деп сурады. Мен «нары жактан издеп көргүлө» дегендей кол шилтеп, эшикти жаап салдым. Ошондо саат 04.20 эле.
Айыл жеринде иштеген бирөө болсо да мейли, бирок органда иштеп, кылмыш иштеринин көп түрүн көргөн, ар бир жагдайга кылдат маани берген адамга беш жашар баласын ээрчитип, түн ичинде врач издеп келген аял киши шектүү көрүнбөдүбү? Оо, бу дүйнө, жок дегенде: «Врач кимге, эмне үчүн керек?» — деп сурап койсо болбойбу? Балким Шабыров Рева Касымовнанын Султан Ибраимовичтин жубайы экенин билбегендир. Бирок кеп анда эмес. Кыргызчылык, мусулманчылык үчүн мындай учурда жардам берүү парз го. Жок дегенде кесиптик интуициясы ойгонушу керек эле. Андай болбосо, муну №6 кайдыгерлик деп коёлу, кымбаттуу окурманым.
Ошентип, Рева Касымовна көз жашын төгүп, кыштын таң заарындагы кычыраган суугунда ыйлап турган Айбекти жетелеп, үйдөн үйдү кыдырып жүрө берди. Жок дегенде бирөө чыгып: «Эмне болду?» — деп сурасачы. Бирок эч ким табылган жок.
Ангыча коңшу конок үй тараптан үч-төрт караан көрүндү. Кудай жалгап дарыгерлер экен. Аларга:
— Султан өлүм алдында жатат, жардам бергиле! — деп араң жеткирди. Тигилер дароо №10 конок үйдү көздөй жөнөштү.
Рева Касымовна элдин артында калып, Айбек экөө жетелешип келгенче, врачтар биринчи кабаттагы Юра Вольфтун өлүгүн көрүп, коридорго чыгып жатышкан экен. Эшиктен баш баккан Рева Касымовнадан:
— Султан Ибраимович кайда жатат? — деп сурашты. Эже сүйлөөгө алы келбей, жогорку кабатты көрсөттү. Тигилер бир азга буйдала түшүштү да:
— Министрдин орун басары Чернов ооруп жатат. Биз ошого барып келе калалы, — деп убай-чубай сыртка чыгып кетишти.
Ошондо айласы куруган Рева Касымовна:
— Оо Жараткан, эмне жазыгыбыз бар эле? Кайсы күнөөлөрүбүз үчүн бул азапка туш болдук? Султаным өлүм алдында жатат. Оо эл-журт, жардам бере турган бирөөңөр жокпу? — деп өксүп-өксүп ыйлап алды.
Бирок эженин муң-зарына эч ким кулак салган жок. Убакыт болсо өтө берди.
Эскерме. Гиппократтын анты дарыгерлер үчүн милдеттүү мыйзам сыяктуу экени баарыбызга белгилүү. Андан баш тарткан адам врач эмес. Негизги милдети — оорулуу адамды айыктыруу, өлүм алдында жатканына колдон келишинче жардам берүү. Бул жерде болсо тескерисинче болду. Өмүр менен өлүмдүн так ортосунда жаткан адам таштап кетилди. Эмне үчүн? Көрсө, «коркуп калышкан» экен (кийин тергөөдө ушундай мааниде жооп беришкен). Өлүм алдында жаткан адамды көргөндөн корккон врачты уккан белеңиз? Кайсы адам ошого барат? «Кеч болуп калды» дегидей, Султан Ибраимовичти жалгыз аялынан башка эч ким көргөн жок. Балким ошол учурда жаны менендир, балким чындап эле кеч болуп калгандыр. Бирок врач ошол замат келип көрүп, тирүү болсо акыркы мүмкүнчүлүктү пайдаланууга тийиш эле. Атаганат, бул жалган дүйнөдө дарыгерлерибиз ошого да жарабай калышты. Андан бетер «Черновду көрөбүз» дегени эмнеси? Чернов ошол кезде республиканын саламаттык сактоо министринин орун басары болуп турган адам эле. Санаторийде эс алып жаткан. Анан врачтар дал ошол адам менен Султан Ибраимовичти көрүүгө болобу-болбойбу деп кеңешүү үчүн барышкан. Эмне үчүн? Бул жагдай да, кымбаттуу окурманым, сиздин ой жүгүртүүңүзгө кошумча маалымат катары калсын.
Рева Касымовна 15–16 бөлмөдөн турган эки кабат үйдө эки өлүктүн ортосунда небереси Айбек менен ыйлап отура берди. Башка аргасы жок эле. Алар көргөн азап-тозокту, көз жашты, эженин каргылданып чыккан үнүн пенде деген көрүп да, угуп да чыдай албас. Жалган дүйнө деген ушул. Раматылык Султан Ибраимович жаткан жеринен козголуп да койбостон, жарык дүйнө менен коштошууга да үлгүрбөй кете берди. Жанында аялы менен небереси калды. Алардын кайгысын бөлүшкөн эч ким болбоду.
Таң агарып, жерге жарык түштү. «Бизди да бирөө жыгып кетишин күтүп тургандай», бири-биринен сала бири эми №10 конок үйдү көздөй агыла башташты. Алардын ичинде жашы да, карысы да, кызматы чоңу да, кичинеси да бар эле. Ошондо Рева Касымовна кандай ойдо болду экен? Билбейм, бирок өлүм алдында жаткан Султан Ибраимовичке өз убагында кол сунууга жарашпай коюшуп, эми түшкө жуук убай-чубай келип жатышкан жердештерине ичинен нааразы болуп, анысын да ачык айта албай турганын сезем.
Кабар райондук ички иштер бөлүмүнө жетип, ал жактан милициянын начальниги Сагымбаев, райаткомдун төрагасы Турсуналиев, прокурор келишти да окуя менен таанышып, эксперттер келгенче бул жакка кирүүгө тыюу салышты. Ага чейин эле өлүктөрдү көргөн Шабыров, Плахих, Черновдор «кылмышкердин изи болушу мүмкүн» деген ой менен алыстан карап, башкаларга бул жакка кирүүгө тыюу салышкан экен. Андан соң Фрунзеден Борбордук Комитеттин экинчи секретары Фомиченко, КГБнын председатели Ломов, ички иштер министри Габидулин келишип, сөөктөрдү вертолётко салып Фрунзеге алып кетишти. Алардын арасында али көз жаштары кургай элек Рева Касымовна менен Айбек да бар эле.
Маркум Султан Ибраимов 1980-жылдын 4-декабрында каза тапкан. Ал 53 жашта болгон.
(уландысы бар)
PS: Материал NazarNews маалымат агенттигине таандык. Автордук укук корголот. Булакты көрсөтпөстөн көчүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынат.