www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө соода жайлардын биринен чет өлкөдөн келген акциздик продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, имаратты текшерүүнүн жүрүшүндө Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн акциздик маркасы жок төмөнкү акциздик продукциялар табылды: 30 бөтөлкө алкоголдук продукция, 242 бөтөлкө кант камтыган суусундуктар, 149 куту тамеки жана 36 бөтөлкө этил спирти.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган акциздик маркасы жок продукциянын жалпы баасы 300 миң сомдон ашат.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Учурда материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүүгө даярдалууда.

Салык кызматы акциздик продукцияны акциздик маркасы жок жүгүртүү салык мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларына алып келерин эскертет.

Последние новости