www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Украинанын борборуна жасалышы мүмкүн болгон соккунун кооптуулугунан улам чет мамлекеттерге өз дипломаттарын Киевден эвакуациялоону сунуштады. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Анын айтымында, 4-майда орус тарап Украинада аккредитацияланган бардык дипломатиялык миссияларга жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө тийиштүү нота жөнөткөн.
Москва «жооп иретиндеги сокку» 9-майга карата белгиленген иш-чараларды үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болгон учурда жасалышы мүмкүн экенин ырастоодо. Мындай билдирүүлөргө Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 4-майда Ереванда өткөн Европа саясий коомчулугунун саммитинде айткан сөздөрү себеп болгон. Россия тарап бул сөздөрдү коркунуч катары кабыл алган.
Зеленский, өз кезегинде, Москвадагы параддын кыскартылган форматта — аскердик техникасыз өтүп жатышы орус бийлигинин учкучсуз учактардын чабуулунан коркуп жатканынан кабар берерин белгиледи.
Буга чейин Россия 8 жана 9-май күндөрү бир тараптуу ок атууну токтотууну жарыялаган. Киев болсо, эгер Москва да ушундай кадамга барса, ок атууну эртерээк — 6-майдын түнүнөн тарта токтотууга даяр экенин билдирген. Бирок ошол эле күнү тараптар бири-бирин «жымжырттык режимин» бузууга айыптап чыгышты.