www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эс алуучу жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Май майрамдарына карата дем алыш күндөрү облус аймагындагы эс алуучу аймактарда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун ички иштер башкрмалыгынын жетекчилик курамынын кызматкерлери аймактарга жооптуу катары бекетилип, жеринде өздүк курамдын кызмат өтөөсүн координациялоо боюнча иш алып барышууда.

Ошондой эле жер-жерлерде коомдук жайлар «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөл камералары аркылуу көзөмөлгө алынууда.

Кызматкерлер жаратылыш койнунда, суу боюнда жана тоо боорунда эс алып жаткан жергиликтүү тургундарга жана чет элдик туристтерге коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишип, атайын эскертүү тактайчаларды илип чыгышты.

Аны менен катар таштанды таштабоо, жаратылышты булгабоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Последние новости