www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев иш сапары менен Ош облусуна барып, Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы сел коркунучу бар аймактарды жеринен көрүп чыкты.
Аталган министрликтен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында сел каналдарын тазалоо, кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле кооптуу тилкелерге туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана жаан-чачын маалында ыкчам аракет көрүү милдети коюлду.
Мындан тышкары, калкты маалыматтандыруу иштерин күчөтүү, эрте эскертүү системаларын жакшыртуу жана мүмкүн болгон эвакуацияга даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл иштер жүргүзүлүүдө.