www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Коргоо министрлиги 9-майдагы Жеңиш парадына коркунуч жаралса, Киевдин борборуна массалык сокку урулушу мүмкүн экенин эскертти. Маалыматта борбордук райондордон жарандар менен дипломаттар чыгып кетүүсү сунушталган.
Буга чейин Владимир Зеленский Москвадагы парад учурунда “украин дрондору учушу мүмкүн” деп билдирген. Киев Москва сунуштаган 8–9-майдагы убактылуу элдешүүнү колдобой турганын айтып, өзүнүн “тынчтык режимин” жарыялаган.
Акыркы күндөрү Орусия аймагына дрон чабуулдары көбөйгөнү кабарланууда. Москва тарап абадан коргонуу күчтөрү жүздөгөн учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн билдирди.
Саясий байкоочулар кырдаалдын мындан ары дагы курчушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.