www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук маселеси кайрадан дүйнөлүк саясаттын чордонунда калды. Кувейт бийлиги АКШнын аскерий күчтөрүнө өз аймагындагы базаларды жана аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тартканы маалым болду. Бул чечим Вашингтон тарабынан даярдалып жаткан Freedom аттуу операцияга байланыштуу кабыл алынган.
Маалыматтарга ылайык, операциянын негизги максаты — Ормуз кысыгы аркылуу өткөн эл аралык соода кемелерин аскерий коштоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу багытала турганы айтылган. Акыркы айларда аталган аймакта танкерлерге жана жүк ташуучу кемелерге байланышкан кооптуу окуялар көбөйүп, дүйнөлүк мунай рыногунда тынчсыздануу жаратып келет.
Эксперттердин пикиринде, Кувейттин мындай кадамы Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин ири державалар ортосундагы тирешүүдөн этият болуп жатканын көрсөтөт. Расмий Кувейт азырынча чечимдин себептерин толук ачыктаган жок. Бирок айрым байкоочулар өлкө аймактагы тең салмактуулукту сактап калууга жана коңшу мамлекеттер менен мамилени курчутпоого аракет кылып жатканын белгилешүүдө.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык коопсуздук үчүн стратегиялык мааниге ээ. Дүйнөлүк мунай экспортунун чоң бөлүгү дал ушул тар жол аркылуу ташылат. Ошондуктан бул аймактагы ар кандай аскерий же саясий чыңалуу мунай баасына жана глобалдык экономикага түз таасирин тийгизип жатат.
Айрым дипломатиялык булактар Вашингтон менен Кувейт ортосунда жабык сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатканын билдиришет. Эгер тараптар орток чечимге келе албаса, АКШнын Перс булуңундагы аскерий стратегиясына олуттуу өзгөрүүлөр кириши мүмкүн.