www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги интернет мейкиндигиндеги көзөмөлдү дагы бир баскычка күчөттү. Үч күн мурда күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, медицина, финансы, укук жана билим берүү сыяктуу тармактар боюнча адистик дипломсуз же лицензиясыз адамдарга “эксперт” катары контент жасоого олуттуу чектөө киргизилди.

Жаңы мыйзам миллиондогон блогерлердин, коучтардын жана онлайн кеңеш берүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алат. Эми “бул менин жеке тажрыйбам” же “мен врач эмесмин” деген эскертүүлөр дагы жоопкерчиликтен бошотпойт. Муну менен бийлик жалган маалымат, псевдоэксперттик кеңештер жана коомдук пикирге таасир эткен манипуляцияларга каршы күрөштү күчөтүүнү көздөп жатканын билдирүүдө.

Аналитиктер бул кадамды эки башка өңүттө баалашууда. Бир тарабы — интернеттеги алдамчылык, жалган медициналык кеңештер жана финансылык пирамидаларга каршы коопсуздук чарасы катары баалашууда. Акыркы жылдары социалдык тармактар аркылуу “адис” болуп чыккан көптөгөн адамдар ири аудитория топтоп, текшерилбеген маалыматтарды таратып келген.

Бирок экинчи тараптан, бул мыйзам сөз эркиндигине жана көз карандысыз контент жаратуучуларга басым катары дагы сынга алынууда.

Эксперттердин айтымында, жаңы талаптар интернеттеги эркин талкууларды азайтып, маалымат мейкиндигин толук көзөмөлгө алуу аракетинин бир бөлүгүнө айланышы мүмкүн.

Адистердин божомолунда, Кытайдагы бул модель келечекте башка мамлекеттер үчүн дагы үлгү же талаштуу прецедент болуп калышы ыктымал.

Последние новости