www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин райондук сотунун төрагасы каза болду

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Абдуллаев Болотбек Абдырахманович каза болду. Бул тууралуу Жогорку Сот билдирди.

Абдуллаев 1976-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылында төрөлгөн.

Эмгек жолун 1997-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кызматынан баштап, ал жакта 1998-жылга чейин эмгектенген.

1998-жылдан 2001-жылга чейин Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү, улук тергөөчү болуп иштеген.

2001-жылдан 2003-жылга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү жана бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.

2003-жылдан 2008-жылга чейин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында тергөөчү жана улук тергөөчү болуп эмгектенген.

2008-жылдан 2013-жылга чейин Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында, ошондой эле Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында тергөөчү жана улук тергөөчү болуп иштеген.

2012-жылдан 2015-жылга чейин жеке адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенген.

2015-жылы 5 жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьясы кызматына дайындалган.

2025-жылы Ленин райондук сотуна которулуп, 2025-жылдын март айынан тартып аталган соттун төрагасы кызматын аркалап келген.

Последние новости