www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 2026-жылдын 4-майындагы №2 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, 2026-жылдын 7-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы жана Ош ШИИБинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарынын аймагында жайгашкан дарыканалардын сатуучулары жана кызматкерлери арасында баңгизаттарына байланыштуу кылмыштардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө дарыканалардын кызматкерлерине психотроптук жана адамдын ден соолугуна күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын сатууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптары тууралуу кеңири маалымат берилди. Өзгөчө көңүл дары-дармектерди дарыгердин тиешелүү рецептисиз сатууга тыюу салуу маселесине бурулду.

Мындан тышкары, дарыканалардын сатуучуларына психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди мыйзамсыз саткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жана жаза чаралары боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Алдын алуу иш-чарасынын негизги максаты — жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу болуп саналат.

Последние новости