www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу токтом иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында айтылат.

"Кыргызфармация" ишканасы медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыздоо үчүн түзүлүп жатканы белгиленген. Министрлер кабинети ишкана өлкөнү медициналык жабуулар менен камсыздоодо "жаңы ыкмаларды" колдонорун кошумчалаган.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Кыргызфармацияны" кампалар менен камсыздоого милдеттендирилди. Каржы министрлиги бюджеттик насыя катары 2023-жылы 500 млн сом (5,7 млн доллар) бөлүүгө тапшырма алды. Быйыл ишкана кызматкерлеринин маянасы үчүн 30 млн сом (340 миң доллар) керек болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө дары каражаттарын жеткирген 200дөй компания жана 3200дөн ашуун дарыкана бар. Алардын көбү Бишкекте жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости