www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда "Кыргызнефтегаз" ААК менен "Инженеринг Дриллинг Компани СИБУ" компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ишканадан маалымдашты.

Кызматташуу жөнүндөгү меморандум "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишановдун Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында түзүлдү.

Документке ылайык, тараптар Кыргызстандын аймагында мунай жана газ кендерин чалгындоо жана иштетүү боюнча биргелешип иш алып барышат.

Ошондой эле тараптар биргелешип капиталдык оңдоолорду жүргүзүү, пласттарды гидрожардыруу, кудуктарды кислота менен тазалоо жана башка ыкмалар менен эски скважиналардан мунай өндүрүүнү жакшыртуу максат кылышууда. Мындан тышкары, тереңдиги 4 миң метрден ашкан терең кудуктарды бургулоо пландаштырылууда.

"Бул маанилүү документ өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Кытайдын өз ара мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоого маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости