www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель баатырларынын туугандары үчүн салына турган ишкананы педофилия боюнча соттолгон адам жетектейт экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

Ал Апрель революциясынын баатырларынын туугандарына ишкана курганга жер бөлүнгөнүн, аны педофилия үчүн соттолгон Усупбий Шеримбаев деген адам жетектей турганын айтты.

«Бул киши педофилия боюнча соттолгон. Өзүнүн тууганына кол салган. Мындай адамдар эч качан жетекчиликте болбош керек. Өзгөчө Апрель революциясынын баатырларынын төрүндө отурбаш керек. Аларга бийлик берсе, ал жактан жакшы нерсе чыкпайт», — дейт ал.

Депутат аталган адамда кызматтан алууну суранды. Анын айтымында, ишкананы апрель баатырларынын ичиндеги таза адам жетектеши керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Апрель элдик революциясынын баатырларынын туугандарына мурдагы президент Курманбек Бакиев фабрика куруп берери кабарланган. Президент Садыр Жапаров ал ишкана үчүн мамлекет жер бөлүп бергенин да билдирген.

 

Последние новости