www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кытайдын расмий статистикасында алтын экспорту боюнча чоң айырма чыкты. Кытайдын маалыматына караганда, 2024–2025-жылдары Кыргызстандан Кытайга 78,3 тоннадай алтын кирген. Анын жалпы баасы болжол менен 7,6 млрд доллар. Бул тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылат.

Бирок Кыргызстандын статистикасы такыр башка маалымат берет. 2025-жылы Кытайга болгону 200 грамм, ал эми 2024-жылы 1,8 тоннадай алтын экспорттолгону көрсөтүлгөн. Негизги алтын Швейцария, Улуу Британия жана башка өлкөлөргө кеткен.

Кыргызстандын Бажы кызматы айырмачылыкты Кытайдагы «бондулук аймак аркылуу соода» менен түшүндүрдү. Ага ылайык, 2024-жылы 30,2 тонна, 2025-жылы 43,45 тонна алтын ушул режим аркылуу өткөн. Бажы кызматы бул алтын Кыргызстанга эмес, үчүнчү өлкөлөргө таандык болгонун билдирген.

Ошол эле учурда Кыргызстандын эл аралык алтын кору азыр 47,7 тонна экени айтылууда. Бул жагдай алтындын кайдан келип, ким тарабынан Кытайга жөнөтүлгөнү боюнча суроолорду жаратууда.

Эксперттер да Кыргызстан мындай көлөмдөгү алтын жана түстүү металлдарды өзү өндүрүп, экспорттошу күмөн экенин белгилешүүдө. Маселе боюнча расмий түшүндүрмөлөр азырынча бардык суроолорго жооп бере элек.

Последние новости