www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда абанын булганышына таасир эткен өзгөчө аба ырайы шарттарын аныктоо үчүн жаңы мониторинг системасы ишке киргизилүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кыргызгидрометке заманбап МТР-5 метеорологиялык жабдуусун өткөрүп берди.
Жабдык абанын температурасын жерден 1000 метрге чейинки бийиктикте өлчөп, температуралык инверсиянын пайда болгонун аныктоого мүмкүндүк берет.
Температуралык инверсия — жерге жакын аба катмарынын кыймылы начарлап, түтүн, чаң жана башка зыяндуу заттар жогору көтөрүлбөй, шаар үстүндө топтолуп калган аба ырайынын көрүнүшү.
Бул абанын сапатынын начарлашына алып келиши мүмкүн.
Жаңы жабдыктын жардамы менен адистер температуралык инверсияларды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, абанын булганышына метеорологиялык шарттардын таасирин так аныктай алышат.
Алынган маалыматтар абанын булгануу деңгээлинин жогорулашынын же төмөндөшүнүн себептерин талдоого жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Белгилей кетсек, температуралык инверсияларга мониторинг жүргүзүүнүн мындай системасы Кыргызстанда биринчи жолу колдонулууда.