www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» фитосанитардык контролдук постунда Иран Ислам Республикасынан Кыргыз Республикасына импорттолгон 22 тонна түксүз шабдаалыга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда импорттолгон продукциянын таңгагында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык милдеттүү маркировка жок экени аныкталды.

Белгилей кетсек, карантинге алынуучу продукцияны тиешелүү маркировкасыз Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу 22 тонна нектарин Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.

Последние новости