www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев менен Саламаттык сактоо министри Д. Осмоновдун жолугушуусу болуп, анда майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу маселелери талкууланды.
Жолугушууда майыптык белгиленгенден кийинки этаптарда жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды жана реабилитациялык иш-чараларды өз убагында көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар медициналык реабилитациялоонун учурдагы механизмдерин өркүндөтүү, реабилитациялоо жана абилитациялоонун жеке пландарын ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Ошондой эле жарандардын ден соолугун калыбына келтирүүгө жана коомго социалдык адаптацияланышына шарт түзүү үчүн эки министрликтин мындан аркы кызматташтыгын жана иш-аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгү белгиленди.