www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан быйыл Казакстан менен Түркмөнстандан 2 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттойт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

2022-жылдын жылытуу мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясын керектөөсү 15,9 млрд кВт/саатты түзсө, 2023-жылы бул көрсөткүч 16,6 млрд кВт/саатка жетип, ортодогу тартыштык 1,9 млрд кВт/саат болушу мүмкүн.

"Бул тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан менен Түркмөнстандан 2 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлдү", – деди Төрөбаев.

Бирок ал аталган өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо башталган-башталбаганын тактап айткан жок.

Төрөбаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,6 миллиард куб метрди түзүүдө. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 818 миллион куб метрге көп. Ошол эле маалда суук аба ырайына байланыштуу өлкөдө электр энергиясын пайдалануунун рекорддук көрсөткүчү байкалууда. Мындан улам Токтогул суу сактагычындагы суунун сарпталышы да көп болууда.

Ал ошондой эле көмөкчордондордун электр жабдуулары ашыкча жүктөө менен иштеп жаткандыгына байланыштуу электр энергиясын керектөөчүлөрүн керектөө режимдерин сактоого жана рационалдуу пайдаланууга чакырып өттү.

Сууктун түшүүсү менен акыркы бир нече күндө Кыргызстандын түрдүү аймактарында электр энергиясын берүүдө мүчүлүштүктөр болуп, жарык өчүлүрүп жатканы тууралуу билдирүүлөр келүүдө.

"Улуттук электр түйүндөр" ишканасы өлкөдө маал-маалы менен өчүрүүлөр болбогонун, бирок электр түйүндөр менен жабдууларга күч келгендиктен, айрым учурда жарык берүү үзгүлтүккө учурап жатканын билдирген.

Кыргызстанда 10-январдан тарта анормалдуу суук башталып, абанын температурасы түз жерлерде -15 -25, тоо арасында 22-27 градуска чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости