www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун төрагасы Базарбеков 11-январда Жогорку кеңеште – сот реформасы Кыргызстанда уланып жатканы, мисалга, соттордун айлыктары көтөрүлүп, алар ротацияланып жатат деп билдирди. Бирок мындай реформа 10 жылдан ашык убакытттан бери уланып келатат жана биз такай – соттордун айлыктары көтөрүлүп жатканын угабыз, анткени ошондо алар пара албай калат имиш.

Бирок маселе азыр анда гана эмес болуп калды. Негизги маселе – соттордун ишине жогорку бийлик дагы, коррупциялашкан башка чөйрөнүн өкүлдөрү дагы кийлигишип жатканында. Соттор мыйзам боюнча эмес, кимдир бирөөнүн айтканын аткаруу менен чечим чыгарып жатканы баарыбызга ачык эле көрүнүүдө.

Анткен менен, бул меселе дагы өтө татаалдашкан. Билим, адеп-ахлак жана маданияттын деңгээли өтө төмөн түшүп кеткендиктен, сотторду азыр өз оюна койсо, алардын өзүм билемдиги азыркыдан да 10 эсе көбөйүп кетиши мүмкүн, анткени бийлик менен соттор гана эмес, бүткүл коом эбегейсиз бузулган.

Последние новости