www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Мальдив Республикасынын тышкы иштер министри Абдулла Шахид Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Визасыз режимдин географиясын кеңейтүү максатында жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болду.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын жана Мальдив Республикасынын жалпы жарандык паспорттору, ошондой эле дипломатиялык жана кызматтык паспорттору бар жарандар мамлекеттердин аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана 30 күнгө чейин убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотулат.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости