www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблаква эки кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

Аталган эки документтин мазмуну төмөндөгүдөй:

Саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу мемарандум;

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу.

Белгилей кетсек, учурда эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын расмий жолугушуусу Тышкы иштер министрлигинде өтүүдө. Сэмуэль Окудзето Аблаква күн мурун Кыргызстанга келген. Анын расмий иш сапары эртең, 17-мартта аяктайт.

Последние новости