www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ынтымак Ордодо" Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун катышуусунда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган эки тараптуу документтердин тизмеси:

Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Монголиянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлигинин ортосундагы Маданият тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Монголиянын Коопсуздук жаатында изилдөөлөр улуттук институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монгол мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын Администрациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Монголиянын “Монцамэ” улуттук маалымат агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Монголиянын Илимдер академиясынын ортосундагы илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту менен Монголиянын Илимдер академиясынын Археология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Монголиянын Улуттук телекөрсөтүүсүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кол коюлган келишимдердин негизинде Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, достук мамиле жаңы деңгээлге көтөрмөкчү. Эксперттер бул сапар соода, транспорт, туризм жана маданий алмашуу сыяктуу тармактарда кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешет.

Монголия лидеринин Бишкекке сапары президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын эл аралык байланыштарын чыңдоого жана аймактагы көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жигердүү дипломатиялык саясатынын айкындыгын көрсөтүп турат.

Эске салсак, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух кечээ, 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапары менен келип, президент Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортунда тосуп алды.

Последние новости