www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Россиядагы өкүлү, КМШдагы Уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросунун директорунун орун басары Аскат Алиев Россиянын Ички иштер министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчилиги менен жолукканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар Россиядагы жарым-жартылай мобилизация боюнча пикир алмашып, РФ полициясы кыргыз тарапты Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына мыйзамдарды сактап, ал жакта тартип бузбай жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган.

Мындан сырткары, алар миграция жаатында кабыл алынган мыйзамдардагы инновация, мекендештер арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу маселелерин талкуулашкан.

Иш-чаранын аягында тараптар достук мамилелерди чыңдоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости