www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баткендеги чырдын баары Акаевдин чек араны чечпегенинин кесепетинен болуп жатат. Було тууралуу мурдагы элчи Рамазан Дырылдаев бүгүн, 27-сентябрда, NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Рамазан агай, чек ара маселеси эмнеге барган сайын курчуп баратат. Бул маселени татаалдашканына ким күнөөлүү?

- Чек ара маселесин тээ Рахмонов кыйналып турган мезгилде, Акаев аракет кылып чечсе болмок. Азыр кыйратып койгонсуп, Акаев бийликтегилерге кеңеш берип, Рахмоновду сындап коёт. Чек арадагы чырдын баары Акаевдин чек араны чечпегенинин кесепетинен болуп жатат. Чыр чыккан сайын жоокерлер, кырчындай жаш жигиттер каза болуп, жүрөгүбүздү өрттөп жатат. Мына Рахмоновдун кечээги баскынчылыгынан 62 жараныбыз да шейит кетти. Бир тобу жарат алды. Жергиликтүү эл тажик тараптын улам кол салганынан кыйналып бүттү.

- Ташиевдин чек ара маселесин чечем деген аракетинен майнап чыгабы?

- Камчыбек Ташиев чечем деп ар түрдүү аракеттерди көрүп жатат. Тилекке каршы, билгени да, билбегени да сүйлөп, түрдүү божомолдорду айтышууда. Эң негизгиси, абал турукташып, чек арага чектеш жашаган элибиз кыйналбай, тынчтыкта жашап калса эле болду.

- Элдин кыйынчылык башка түшкөндө бириккени келечегибиз кең экенинен кабар береби?

- Кыргыз элинен айланса болот. Элибиз колунан келген аракетин көрүп жатат. Ал турсун ыктыярчылар күндүр-түндүр иштеп гумжардамдарды жөнөтүштү. Мындай кырдаал элди бириктириш керек. Ал турсун президент мындай учурда Бекназаровго окшогон иш билги, абалдан чыгуунун жолун көрсөткөн көсөмдөрдү жанына тартышы керек. Кыскасы, жалган жалаа менен камалып жаткандардын баарын чыгарып, адилеттүү бийлик жүргүзүп, шылуундардан арылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости