www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Этимесгут жана Нарын боордош шаарларынын делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну талкуулашты.

Элчи Руслан Казакбаев Этимесгуттун башчысы Энвер Демирелдин түрк элдеринин бир тууган ынтымагын чыңдоодогу өзгөчө эмгегин белгиледи. Ошондой эле ар кандай социалдык-маданий долбоорлорду ишке ашырууда, айрыкча боордош Нарын шаарына бала бакча курууда, Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарына эстеликтерди орнотуу менен алардын элесин түбөлүккө калтырууда, өлкөнүн маданиятын жана тарыхын даңазалоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын аймактар аралык мамилелерин активдүү өнүктүрүүнү улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости