www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбековдун ден соолугу жакшы эместиги айтылды

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен Бишкектеги СИЗО-1ге камалган экс-депутат Равшан Жээнбеков ден соолугуна байланыштуу жагдайды жар салды. Саясатчынын Фейсбуктагы баракчасына Башкы прокурорго, Юстиция министрлигине, укук коргоочуларга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана массалык маалымат каражаттарына кайрылуу жарыяланган.

Равшан Жеенбековдун айтымында, дарыгерлер анализ тапшырып, мурдагы эл депутатынын боорунда көйгөйлөр бар экени аныкталган. Ал СИЗОнун медициналык кызматкерлерине ишеним көрсөтпөгөндүктөн, өзү айткандай, «жарандык клиникалардын» башка дарыгерлерине текшерүүдөн өтүүнү суранат.

«Бирок ИНСтин төрагасы Аскат Эгембердиев жана башкы дарыгер менин квалификациялуу жана адистештирилген дарыланууга мыйзамдуу укугумдан баш тартып жатышат. КР Жаза аткаруу кызматынын төрагасы жана башкы дарыгери же бийликтин көрсөтмөсүн аткарат, же өз ыйгарым укуктарынан аша чаап жатат деп эсептейм», — деп жазган Равшан Жээнбеков.

ИНС тергөөдө жаткан адамдын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирди. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде: Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экендигин айткан.

23-октябрда массалык камакка алуулар башталды. Бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды түрмөгө камады. Абактагылардын адвокаттары активисттер менен саясатчылардын ишинин материалдары жашыруун экенин айтышты.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана башкалар , Кыргызстанда камакка алынган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүү жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости