www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 26-майында Фергана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин кыргыз-өзбек ведомстволор аралык координациялык жумушчу тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин жана Өзбекстан Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары генерал-майор Шавкат Рахмоновдун төрагалыгы астында өттү.

Жыйындын башталышында министрдин орун басары Нурбек Абдиев, Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилерине жана кызматкерлерине меймандостугу жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтер ортосундагы өз ара мамилелер жана жемиштүү кызматташтык туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жыйында тараптардын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу бөлүмдөрүнүн учурдагы абалы жана мындан аркы өсүшү, жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана иликтөө ишмердиги, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тараптардын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү, аны жакшыртуу жолдору, уюшкан кылмыштуулукка жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Күн тартибиндеги маселелерди кароонун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатындагы практикалык өз ара аракеттенүүнүн абалын жана өнүгүүнү талдашты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен эки тараптуу кызматташтыкты колдоо, Өзбекстан Республикасынын ИИМ менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин ортосундагы кылмыш иликтөө иши чөйрөсүндө, терроризм, экстремизм, контрабанда жана баңги заттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулук жана адамдарды сатуу сыяктуу кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча делегациялардын өз ара визиттерин ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын башкармалыгынын башчысы Муслим Алиевдин, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ИИБнын жетекчилеринин курамында чек аралашкан облустардын ИИБнын башчыларынын жыйыны болуп өттү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча министрликтер менен ИИОнун чек аралашкан бөлүктөрүнүн ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн Планына жана Протоколуна кол коюлду.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости