www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши согуш жүрүп жаткан Палестина боюнча билдирүү таратты.

Билдирүү толугу менен берилет:

"Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштайбыз.

Урматтуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар!

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кенеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Израиль өлкөсүнүн Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргынын адамзаттык кылмыш деп айыптайбыз. Мусулман дүйнөсүнө Кудай Таалам өзү жар болсун, өзү колдосун. Бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө элдери айыптап, тезирээк токтотууну талап кылышууда. Биз, Кыргызстан өлкөсү географиялык жактан алыс жайгашканыбызга байланыштуу, моралдык жана материалдык жардамыбызды берүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эл чогулган жерлерде, мечит-медреселерде, жума намазга келген жамааттар менен, жадагалса ар бир мусулмандын жеке ибадаттарында Палестина эли үчүн дуба кылууга чакырабыз. Эң негизгиси, материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат.

Урматтуу кыргызстандыктар, Палестина калкына карата жарыяланган каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатат. Аталган чакырыктарды аалымдарыбыз иликтеп чыгышты. Жыйынтыгында мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоциалдык сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 7-октябрдын таңында Хамас кыймылы Израилдин аймагын Газа тилкесинен массалык ракеталык аткылаган соң Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп кеткен. Ошол эле күнү Израил Газа тилкесиндеги буталарга жооп кайтара баштаган.

Израилдин Газа тилкесиндеги соккуларынан курман болгондордун саны 9,7 миңге жетип, 24 миң 800дөн ашуун киши жараат алды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости