www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өздөрүн "блогер", "эркин", "жеке", "көз карандысыз" деп атап алып ар кандай жолдор менен акча тапкан "журналисттер" бар. Учурдагы журналисттер тууралуу пикирин белгилүү тележурналист Миржан Балыбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

"Тележурналистикага алгачкы кадам таштаган айлардын биринде куруучу болуп иштеп жаткан тааныштар менен сүйлөшүп калдым. Кайда, эмне иш кылып жүргөнүмдү угушуп:

- Сеники жыргал жумуш турбайбы, сүйлөп коюп эле акча ала берет экенсиң да, - дешти.

Андан бери сүйлөп коюп акча ала бергендер абдан көбөйдү. Алардын бардыгы эле журналисттер эмес. Сүйлөп коюп акча алгандардын арасынан журналисттер эң эле аз акча табышат, бирок жоопкерчилиги, милдети, мээнети берки жөн эле сүйлөп, жазып коюп акча алгандардыкынан кыйла жогору дагы, оор дагы. Өздөрүн "блогер", "эркин", "жеке", "көз карандысыз" деп атап алып ар кандай жолдор менен акча тапкан "журналисттер" дагы бар. Айтор, кесибибиз "журналист" деп аталганы менен ар башкабыз, "аксагы менен миңбиз", атаандашпыз, орус тилдүү жана кыргыз тилдүү, мамлекеттик жана менчик, жергиликтүү жана эл аралык, чет элдик болуп бөлүнөбүз. 

Жылына бир жолу бардыгыбызды жалпылап куттукташат, белектерин жөнөтүшөт, чайга чакырышат. Чындыкты айткыла, калыс болгула ж.б.у.с. каалоо-тилектерин айтышат.
Бирок, өзүбүздүн маселелер чечилбей келет.

"Биримдигибиз жок" деп айткым келбейт, анткени биримдик бизде мүмкүн эмес, балким анын кереги дагы жоктур. Ошентсе дагы, жалпы ЖМК тармагынын маселелерин чечкен, укуктарын коргогон көз карандысыз бирикме зарыл. Бир эмес Эки Журналисттер бирикмеси бар. Экинчиси -  Журналисттердин Көз карандысыз биримдиги пайда болгондон кийин гана, биринчи Союз жанданып, чейрек кылымдан берки өзүнүн биринчи курултайын өткөрүп, сыйлыктарын тапшырып, кайра дымып калды.

"Журналисттер" коомдук бирикмеси, "Медиа Полиси", ЖМКларга арыз-даттанууларды кароо комиссиясы сыяктуу уюумдар активдүү иштеп, колдорунан келишинче жардам берип жатышат. Бирок, бары бир биздин үстүбүздөн тон бычып, ЖМК абалынын начарлаткан мыйзамдарды өткөрүп жатышканын өзүбүз билбей калып жатабыз, билсек дагы ага маани бербейбиз.  

"Сыйлык", "наам" деген илдет дагы биздин журналистиканы айланып өткөн жок. Кесиптештердин көбү азырга чейин мамлекет, өкмөт, министрликтер берген сыйлык, наамдарды жогору баалашат. Ушунун өзү эле көп нерседен кабар берет. Журналисттик коомчулуктун өз алдынча, мамлекеттен көз карандысыз сыйлыгы жок. Кыргыздын "Пулитцери", "ТЭФИси" (алгач көз каранды эмес, калыс ыйгарылып келген) жок. Дагы деле мамлекетти карап отурабыз. Бирок, чыныгы журналистин эмгегин бийлик баалаганынын өзу абсурд экенин түшүнгөн журналисттер аз. Эңсегенибиз дагы деле "Алтын Калем", "эмгек сиңирген ишмер", "маданияттын мыктысы". 

99 жыл мурда туулганыбызга эле жыл сайын сүйүнө бербей, азыркы турган турпатыбызга дагы баа берип, кыргыз журналистикасы бир кылымдык тарыхында эмнеге жетти, эмнеси менен сыймыктана алат деп дагы ойлонуп койсок болот эле", - деди Миржан Балыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости