www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ири агенттиктеринин башчылары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешкен кайрылуу жасап, Газа тилкесиндеги ок атышууну чукул токтотууга чакырды.
Анда ХАМАС кыймылынын соккуларынан Израилдин 1400дөн ашык жараны мерт болгонун, дагы 200дөн көп адам туткунда экени белгилеген. Ошол эле маалда Газада 9,5 миңдей адам өлгөнү жазылган. Учурда 2,2 миллиондой палестиналык дары-дармек, тамак-ашка муктаж болуп жатканы, алардын 1,5 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болгону айтылып, ок атышууну чукул токтотууга чакырган.
"Дээрлик бир айдан бери дүйнөлүк коомчулук Израил менен оккупацияланган Палестина аймагындагы окуяларга байкоо салып, курмандыктардын тынбай көбөйүп жатканына кабатырланып, нес болуп жатат. Биз тараптарга дагы бир жолу кайрылып, эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укугу жаатындагы нормаларга ылайык алган бардык милдеттемелерди аткарууга чакырабыз. Биз туткундагы жайкын тургундарды чукул жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырабыз. Ок атышууну токтотуу зарыл. 30 күн өттү. Бул чукул токтошу керек", - деп жазылган билдирүүдө.
Мунун алдында Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобу барымтага алган 240тан ашуун киши бошотулмайынча, Газаны аткылоо токтобосун билдирген жана "гуманитардык тыныгуу" жарыялоо чакырыктарын четке каккан.
5-ноябрда Катардагы жолугушуулардан кийин Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна Газа тилкесине урулган соккуларда өтө көп киши каза болуп жатканын билдирген. Министр мектеп, оорукана, гуманитардык кызматкерлер менен журналисттерди коргоо зарылдыгын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg