www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Новосибирскиге 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат. Бул туурасында экпортту өнүктүрүү боюнча иш алып барган "Кыргыз экспорт" борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
Учурда ЕӨБ (Евразиялык өнүктүрүү банкы) менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат.
"Ал жерде биздин жашылча-жемиштер сакталып гана турбастан, сорттолуп, кайра иштетилет. Температураны ылайык кылып кармап туруу үчүн атайын кампаларды куруп, кыска мөөнөттө тоңдура салган камераларды орнотуу каралууда", — деген Жумалиев.
Мындай жайлар Уралга, анын ичинен Екатеринбург, Омск шаарларына жеткирилген продукцияны бөлүштүрүп, Россиянын башка аймактарындагы соода тармактарга берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи.
Директордун орун басары ушундай эле борборду Алматы шаарында куруу пландалып, ага 10-20 гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады.