www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын борборунда Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмеси өттү.
Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери жана министрлердин орун басарлары баштаган делегациялар, ШКУ Катчылыгынын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты.
Кеңешме Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун төрагалыгы астында өтүп, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана коомдук саламаттык чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктарга бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу маселелерине арналды.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде алдын алуу медицинасын өнүктүрүүнү, калктын ден соолугун башкарууну өркүндөтүүнү, медициналык жардам системаларынын туруктуулугун жогорулатууну, тармакты кадрлар менен камсыздоону, саламаттык сактоону санариптештирүүнү, ошондой эле диагностиканын жана дарылоонун заманбап технологияларын киргизүүнү талкуулашты.
Жугуштуу эмес оорулардын өсүшү, демографиялык өзгөрүүлөр, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү жана алдын алуу программаларын күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасы ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын институционалдык чыңдоого багытталган бир катар демилгелерди сунуштады.
Кеңешменин негизги жыйынтыгы — мүчө-мамлекеттер тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндө компетенциялар менен алмашуу боюнча ШКУнун Диалогдук онлайн платформасын түзүү демилгесинин колдоого алынышы болду. Жаңы механизм мыкты практикалар, заманбап башкаруучулук чечимдер менен алмашуу жана улуттук саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүдө макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу үчүн туруктуу иштеген эксперттик аянтча болууга багытталган.
Мындан тышкары, катышуучулар ШКУнун Медициналык туризм альянсын түзүү концепциясынын долбоору тууралуу маалыматты эске алышып, бул демилгени андан ары иштеп чыгууну макулдашты.
Жыйындын жыйынтыгында сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов заманбап чакырыктар аракеттерди бириктирүүнү, үзгүлтүксүз тажрыйба алмашууну жана кызматташтыктын практикалык механизмдерин талап кыларын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө ШКУ өлкөлөрү жалпы чакырыктарга туш болууда жана дал ушул биргелешкен чечимдер саламаттык сактоонун туруктуу системаларын калыптандырууга мүмкүндүк берет. Биз үчүн тажрыйба алмашуу эле эмес, өлкөлөрүбүздүн калкынын ден соолугуна багытталган өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу инструменттерин түзүү маанилүү», — деп баса белгиледи министр.
Жыйындын соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинин Жыйынтык протоколуна кол коюлду. Бул документ жетишилген макулдашууларды жана мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын бекитти.
Кыргыз Республикасы төрагалык кылуучу тарап катары ШКУнун алкагында өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин жана заманбап, туруктуу жана адамга багытталган саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары да илгерилетүүгө даяр экенин ырастады.