www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен Германиянын “Janser Education Academy” жана “Janser Consult GmbH” компаниялары кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев катышты.
Документ өзүнө кесиптик билим берүү боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүүнү, бош иш орундар жарманкелерин биргелешип өткөрүүнү, илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды уюштуруу, бул багытта тажрыйба алмашууну жана билим берүүгө байланышкан алгылыктуу максаттарды камтыйт.
Мындан тышкары, Бекжан Супаналиев Германиянын “Arinstein” (Аринштайн) компаниясынын өкүлү менен жолукту. Тараптар кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багытында кызматташуу, анын учурдагы абалы, артыкчылыктуу кесиптер тууралуу жана биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Булак: NazarNews.kg