www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында өткөн кезектеги аппараттык жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк реформалар расмий түрдө башталганын билдирди.

Анын айтымында, жаңы демилгелер мамлекеттик башкарууда бюрократияны системалуу түрдө азайтууга, кагаз түрүндөгү процесстерди жоюуга жана эң көп талап кылынган мамлекеттик кызматтарды санарип жана проактивдүү форматка өткөрүүгө багытталган.

Күрөө маселелерин онлайн жөнөкөйлөтүү

Биринчи ири долбоор банктардагы күрөөнү алып салуу процессин жеңилдетүүгө багытталат. Учурда бул кыймылсыз мүлк менен байланышкан операциялардын дээрлик жарымын түзөт, 2026-жылдын алгачкы беш айында 34 миңден ашык каттоо жүргүзүлгөн.

Жаңы система “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылып, жарандар арызды онлайн тапшыра алышат. Банктар болсо “Е-Нотариат” системасы аркылуу электрондук кол тамга менен милдеттенмелердин токтотулганын тастыкташат.

Натыйжада процесс бир нече күндөн 5 саатка чейин кыскарып, мамлекеттик органдарга баруу зарылдыгы жоюлат.

Студенттер үчүн жөлөкпулдарды автоматташтыруу

Экинчи багыт — 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттер үчүн багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу жөлөкпулдарды жана пенсияларды автоматташтыруу.

Учурда студенттер жыл сайын документтерди кол менен тапшырууга аргасыз болуп келишет. Бул процесс кыйынчылыктарды жаратып, төлөмдөрдүн убактылуу токтотулушуна алып келет.

Жаңы система аркылуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлигинин маалымат базалары Социалдык фонд жана Эмгек министрлиги менен интеграцияланат.

Окуу статусу жеке идентификациялык номер аркылуу автоматтык түрдө текшерилип, жөлөкпулдар 1–2 мүнөт ичинде жаңыртылат. Бул 18 миңден ашык студентке таасир этет.

Реформалардын мөөнөтү
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев эки демилгени тең 100 күндүн ичинде ишке ашырууну тапшырды. Ал мамлекеттик система жарандардын кызыкчылыгына кызмат кылып, алардын убактысын үнөмдөшү керектигин белгиледи.

Последние новости