www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 12 жеке медициналык колледжде студенттердин практикалык билим алуусу үчүн толук шарт түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
"Саламаттыкты сактоо системасы мыкты кадрларга муктаж. Мындан улам министрлик төмөндөгү медициналык колледждер боюнча тиешелүү чечим кабыл алуусу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине расмий кат жөнөтөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Окуу жайлардын тизмеси:
Ош облустук медициналык колледжи;
Токтомаматов атындагы Москва улуттук университетинин Эл аралык медициналык колледжи;
"Авиценна Билим" медициналык колледжи;
Пирогов атындагы медициналык колледжи;
"Уникум" кыргыз медициналык-социалдык колледжи;
Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;
Кочкор-Ата облустук колледжи;
ИСИТО медициналык колледжи;
"Дулдул Тоо" Араван колледжи;
Тентишев атындагы медициналык колледж;
МУНИБ медициналык колледжи;
Медицина жана фармация колледжи.
Өткөн жылдын соңунда Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жогорку окуу жайларды реформалап, талапка жооп бербегендерин жабуу чечимин кабыл алган. Мунун алкагында министрлик жети окуу жайдын №6 формасын (клиникалык базасы жана медициналык жабдуулары тууралуу документ) жокко чыгарганын кабарлаган.
Ушул тапта Кыргызстанда медицина адистерин даярдоо программаларын ишке ашырган 23 жогорку окуу жай иштеп жатат. Анын ичинен алтоо мамлекеттик, 17си мамлекеттик эмес окуу жайлар.
Булак: NazarNews.kg