www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда калктын негизги 9 социалдык маанилүү азык-түлүккө болгон керектөөсүн камсыздоо деңгээли жогорулады.

Бул тууралуу МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында өткөн Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин жыйынында айтылды.

6 айдын жыйынтыгы боюнча картошка менен камсыздоо 198,9%, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү 247,2%, сүт жана сүт азыктары 124,1% түздү.
Ошол эле учурда эт менен камсыздоо 82,1%, жумуртка 79,8%, кумшекер 72,6%, нан азыктары 77,4%, өсүмдүк майы 53,6%, мөмө-жемиштер 15,6% деңгээлинде болду.

Ички өндүрүшү жетишсиз азык-түлүк түрлөрүн көбөйтүү үчүн буудай жана май өсүмдүктөрүн өстүрүү, жаңы бактарды отургузуу, сапаттуу үрөн жана асыл тукум мал менен камсыз кылуу, тоют базасын жакшыртуу жана сугат иштерин кеңейтүү пландалууда.

Ошондой эле эт, сүт, мөмө-жемиш жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү күчөтүүгө басым жасалат.

Өкмөттүн негизги максаты — 2030-жылга чейин негизги азык-түлүк товарлары боюнча ички камсыздоону 100%га жеткирүү жана импортко болгон көз карандылыкты азайтуу.

Последние новости